22.05.2020 13:00

Россиянын Оренбург облусунун талаасында калган 448 кыргыз жаран мекенине кайтат

Россиянын Оренбург облусунун талаасында калган 448 кыргыз жаран мекенине кайтат

Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 КР жараны Кыргызстанга келүү үчүн Россия-Казакстан чек арасынан өтүштү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт.

Ара жолдо калган кыргыз жарандарын Бузулук районунан чек арадагы «Сагарчын – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келүү маселеси иштелип чыккан.  

“Учурда Казакстандагы КР Элчилигинин кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктарды КР Өкмөтү камсыздаган 9 автобуска отургузуу иштери аяктоодо, алар казак жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасы көздөй бет алышат”, - деп айтылат маалыматта.

КР ТИМ дагы бир ирет Россияда жүргөн кыргызстандыктарды Оренбург облусуна барбоого чакырат, анткени Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык бойдон калууда.