10.12.2018 23:28

Атамбаев: Мадумаровдун президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу айткан сөзү -чындык

Атамбаев: Мадумаровдун президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү тууралуу айткан сөзү -чындык

Жакында эле Жээнбековдун шайлоо компаниясынын кара бухгалтериясынын кагаздары элге тарап кетти. Документти  президент аппараты «фэйк» деген менен, шайлоо штабына тиешеси бар кээ бир адамдар чын экенин моюнга алышты. Саясатчы Адахан Мадумаров бул документтин аныктыгына ишенерин билдирип, «бул маалыматтар Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүнө чоң доо кетирет» деп белгилеп өттү. Бул боюнча Атамбаев өз оюн билдирди: 

«Чындыгында Адахан туура айтып атат. Мен КР Кылмыш-жаза кодексинин бир статьясын окуп берейин. 140-статья, 2-берене: Талапкердин шайлоо фондунун финансылык, материалдык колдоо каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу -  эсептик көрсөткүчүнөн 10 миң - 20 миң өлчөмүнө чейин  айып салуу, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө, белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылдык мөөнөткө ажыратууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат. Эми фонддон эки миллион доллар көрсөткөнү менен бул калп экенин баарыбыз эле билип атабыз. Кылмыш-жаза кодексинде ачык жазылып атат, талапкер фондуна көрсөткөн өлчөмүнөн тышкары акча жумшаса, президенттик эмес, жөнөкөй мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратылат.  Беш жылга. Андан тышкары, керек болсо сот чечсе үч жылга чейин камалат деп айтып атпайбы. Ошондуктан Адахан Мадумаровдун айткан сөзү бул - ачуу чындык».