25.07.2019 16:34

Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу боюнча эксперттердин пикирлери

Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу боюнча эксперттердин пикирлери

РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ, саясатчы: «Путин болгондо да Кремлда оппозициянын лидерин кабыл алышы өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бул КР тарыхы үчүн маанилүү окуя. Путин экс-президентти кабыл алып, Москва анын коопсуздугун чечет дегенди баарына жеткирди. Бул маселе чечилди. Маселе Атамбаев Кремлге барганга чейин, Сооронбай Жээнбеков Москвага барганда эле чечилген».

ЧЫНАРА ЭСЕНГУЛ, саясат таануучу: «Менимче, Путин бул жерде экс-президент менен учурдагы президенттин ортосунда байланыштырып туруучу, медиатор катары болуп жатат. Бул жолугушууда экс-президентке берилүүчү кепилликтер тууралуу сөз болду. Бул, менин оюмча, step by step болот – маселе баскыч баскыч менен чечилет. Биринчи кезекте кол тийбестиктен ажыратуу суроосу каралат. Мында башкы суроо бул мыйзамдуу болгонбу же жокпу? Бул маселеде биринчи кезекте Конституциялык палатанын чечимин күтөбүз».

МАРС САРИЕВ, саясат таануучу: «Москва Атамбаевди куугунтуктоону кубатттабай турганын көрсөтүп жатат. Менимче бул маселе жабык эшик артында чечилген. Расмий түрдө албетте ачык айтылбайт. Атамьаев өзүнүн максатына жетти жана азыр ага карата кылмыш иши козголбойт».

СЫРГАК АБДЫЛДАЕВ, журналист: «Путин минтип айтты болушу керек: «Мен бир келишимге келишишиңерди каалайм. Атамбаевди кармоого каршымын, революция болушуна дагы каршымын». Балким «Сооронбай сен баарын эркиндикке чыгарышың керек. Баарыңар мыйзам талаасында оюн жүргүзгүлө», - деши да мүмкүн. Анда менде мындай суроо жаралат-мыйзам талаасында күрөшүү мүмкүнбү? Анткени Жээнбеков мыйзам талаасынан чыгып кеткен. Ал башалам иш алып барууда. Эми азыр келгиле мыйзам менен жашайлы дегенде күлкүм келип жатат».