25.07.2019 14:38

Атамбаев Путин менен болгон жолугушуудан кийин билдирүү жасады

Атамбаев Путин менен болгон жолугушуудан кийин билдирүү жасады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуудан кийин билдирүү жасады. 

Билдирүүнүн тексти:

“Пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Жогорку деңгээлде өткөн жолугушууну уюштурууганадрга ыраазычылыгымды билдирем. Россия стратегиялык өнөктөш жана дос экенин дагы бир жолу тастыктады. Бирок биз ички маселелерибизди өзүбүз чечебиз. 

Биз Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү абалды талкууладык. Кыргызстанда саясий туруктуулук керек. Ал үчүн келише албай жаткан эки тарап тең баардык мүмкүнчүлүгүн жумшашы зарыл. 

Биз дагы бул жол эки багыттуу деп эсептейбиз. Учурдагы бийлик мыйзам талаасына кайтып келиши керек. Ал азыр соттордогу иштердин калыс каралышын камсыздап, оппоненттерди саясий куугунтуктоону токтотушу зарыл. Менин тарапташтарым шайлоолорго тынч даярдык көрүү мүмкүнчүлүгүн алышы керек. Бул боюнча Владимир Владимирович Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниетинүүдө.

Жээнбеков тарабынан мындай кадамдарды көрсөк, оппозициянын күн тартиби дароо өзгөрөт. Саясий чыңалуу басаңдайт. Биз дагы Кыргызстандын келечеги үчүн ушуну каалайбыз. Мындан ары азыркы бийлик өлкөнү өнүктүрүү үчүн конкреттүү долбоорлор менен иштеши керек. Биз ага ар тараптуу жардамдашууга даярбыз. 

Кыргызстандын жарандары Жээнбеков өлкөнүн бакубаттыгы үчүн иштеп жатканын көрүп, оппозиция шайлоого тынч даярданып жатканын көргөндө гана эл тынчып, саясий стабилдүүлүк келет. Муну Владимир Владимирович Путин менен да сүйлөштүк. Биз 3-июлдагы митингде убадалагандай эле сентябрга чейин бийликтен конкреттүү кадамдарды күтөбүз”.