25.07.2019 12:18

Атамбаев жана Путин чынында эмне жөнүндө сүйлөшүштү? Расмий билдирүү жана аны чечмелегендер

Атамбаев жана Путин чынында эмне жөнүндө сүйлөшүштү? Расмий билдирүү жана аны чечмелегендер

Экс-президент Алмазбек Атамбаев күн мурун Орусия президенти Владимир Путин менен жолукту. Атамбаев Москва шаарына “Кант” аба майданы аркылуу атайын борт менен учуп кеткен. Делегацияны Москва аэропортунан Федералдык коопсуздук кызматкерлери тосуп алып, кортежди Кремлге коштоп кеткени маалымдалган. 

Кремлдин комментарийи. 
Жолугушуудан кийин Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүлөр тууралуу мындай деген: 

«Эч кандай сыр жок. Силер билесиңер, мен дайыма азыркы жана жогорку кызматын калтырып кеткен кесиптештерим менен байланышка ачыкмын. Ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз Кыргызстандагы жана аймактагы абал боюнча сүйлөштүк. Мен өз позициямды ага жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө деп эсептейм. Өлкө буга чейин жетиштүү, тактап айтканда эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөрдү. 
Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек”.



Көпчүлүк ММКлар “Кыргызстандыктар азыркы бийликтин айланасына чогулуп, өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек”, - деген сөздү алдыга коюуда. 

Кремлдин пулундагы журналист, “Комсомольская правда” гезитинин атайын кабарчысы Дмитрий Смирнов башкача жыйынтык чыгарды. 

 «Путин Атамбаевди Кремлде кабыл алып, ага карата куугунтуктоону токтотууну суранды”, - деп Twitter-аккаунтуна жазды.  

Кыргызстандык журналист жана аналитик Дмитрий Орлов дагы Путиндин сөздөрүн чечмеледи. 

«Атамбаевди ар бир (дагы бир кайталайм АР БИР) колдоо сөзү Жээнбековго ачык чакыруу болмок. Анын Россияга кереги жок. Буга чейин Песков Атамбаев-Жээнбеков маселеси боюнча “Бул Кыргызстандын ички маселеси” деген сөздөн башка эч нерсе айта алган эмес. А чынында бул суроого кандай мамиле кылышат бул чоң суроо”, - деп жазган Дмитрий Орлов Facebook баракчасына.


Ал эми Алмазбек Атамбаев жана анын делегация мүчөлөрү жолугушуу боюнча эч кандай комментарий бере элек. Болгону экс-президент бүгүн кечинде Бишкекке келери маалым. 

Белгилей кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун дагы Путин менен пландалбаган жолугушуусу болгон. Саясат таануучулар бул жолугуудан кийин дал ушул Атамбаев маселесин талкуулашканын белгилешкен.