10.12.2018 22:43

Атамбаев: Жээнбеков экөөбүздүн тирешибиз кузгундарга жага бербей калды

Атамбаев: Жээнбеков экөөбүздүн тирешибиз кузгундарга жага бербей калды

24-ноябрда өткөн курултайга мен коркуп эмес, жийиркенип барбай койгом, деп билдирди экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, курултайга жийиркенип барбаган жалгыз ал болгон жок.

«Курултайды өткөрүп аткандар кимдер? Оргкомитеттин төрагасы- Дүйшөбаев. Бул Дүйшөбаевди президент болорум менен иштен айдагам. Анткени Апрель революциясына чейин тамекиге, пирожкиге акча сурап жүргөн Дүйшөбаевди азыр карап көргүлөчү, канча мүлкү бар? Бир тарапта Апрель,  Июнь окуясында күнөөсүз балдар өлүп атса, бир тарапта Дүйшөбаевге окшогондор мультимиллионер болбодубу. Эми булардан жийиркениш керек, булардан алыс туруш керек. Анан туура, жанагы морадерлук, банк ячейкалар жана башкалары чыкканда мен бир топ эски санаалаштардан кол үзгөм. Анткени мен таза адаммын. Булар болсо ыплас адамдар», -деди Атамбаев.

Анын айтымында, «Атамбаев Сооронбай Жээнбековду иштетпей атат» деген болбогон сөз. Анткени, учурда Жээнбеков каалаганын кылып жатат.

«Бир мисал келтирейин, көзгө ак менен карадай көрүнөт. Орус паспорту бар деп Кубанычбек Кулматовду камап салышты. Паспорту жок. Ошол эле орус паспорттун ээси болгон Сарыбашев Оштун мэри болуп отурат», -деп билдирди экс-президент. 

Курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаровдун доклад жасап атып, «Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары жагымдуу чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам аны президенттикке сунуштаган жана түздөн- түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошоду» деген сөзү боюнча төмөнкү пикирин билдирди: 

«Азимбектер сүйүнүп атканын мен жазында эле байкагам.  Анткени булар кузгунга окшош, куркулдап бир балээ болуп кетсе экен деп турат. Сооронбай менен Атамбаевди чабыштырып коюп, бир балээ болуп кетсе, кан төгүлсө, Кудай сактасын, жамандык болсо, Азимбек, Дүйшебаевдер пайдасын көрөт, акчасын табат. Ошондуктан чындыгында Сооронбай Жээнбеков мени душман кылып, асылгандан Кыргызстанга эмне пайда? Ынтымак кетип баратат, эл аз-аздан бөлүнүп баратат. А бирок мобу кузгундарга майрам да. Анткени куркулдап, «бир балээ болуп кетсе, биз кайрадан пайда табабыз кызматка жетишебиз же акча табабыз» деп, булардын тилеги ушундай. Тилекке каршы, булардын оюна Сооронбай Жээнбеков да кирип кетти. Ээрчип кетти. Бул- албетте, жетишкендик эмес, бул тынч, татынакай жаткан Кыргызстанды кайсыл жакка алып барат? Жөн жерден чатак чыгаруу- бул жакшы эмес. Бизге эң негизги байлык, мына билесиң, Кыргызстанга акыркы жылдары тынччылык, ынтымак келген. Эл биригип калган. Ошону сакташ керек болчу».