27.11.2019 10:53

Атамбаевди баласы менен көрүштүрбөй жатышат

Атамбаевди баласы менен көрүштүрбөй жатышат

Бишкекте Биринчи май райондук соту Кадырбек Атамбаевке атасы менен жолугууга уруксаат берген жок. Бул тууралуу Vesti.kg экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесаревдин айткандарына таянып жазып чыкты.

Эске салсак, мурдараак жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевдин туугандарын экс-президент менен жолуктурбай жатышат деп билдирип чыккан.

Басылманын маалыматына караганда мурунку мамлекет башчынын жубайы Раиса Атамбаевага жолдошу менен жолугууга акыры уруксаат беришкен. Судья бул чечимди дээрлик сегиз күндөн кийин чыгарган.

 “Күн мурун Алмазбек Атамбаев жубайы менен жолукту. Раиса Атамбаеванын арызын Эмилбек Каипов канааттандырган. Атамбаев өзүн жакшы сезип жатат. Китеп окуп, спорт менен машыгууда”, - деп билдирет Сергей Слесарев.