04.03.2020 15:31

Милиция кызматкерлери экс-президент Атамбаевдин жээнинин үйүн тинтип кетишти

Милиция кызматкерлери экс-президент Атамбаевдин жээнинин үйүн тинтип кетишти

Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин тууганы Акылбек Асаналиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Акылбек Асаналиев “Апрель” телеканалына өзү билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн таңкы саат 08:20 чамасында Арашан айылындагы Акылбек Асаналиевдин үйүнө 5 милиция кызматкери келишкен. Алар тинтүү жүргүзүүгө берилген ордер жана соттун токтомун көрсөтүшкөн.

“Милиция кызматкерлери үйдүн баарын аңтарып чыгышты. Бирок ошол эле маалда эмне издеп жатышкандарын айтышкан жок”, - дейт Асаналиев.

Тергөөчүлөрдүн айтканына караганда, тинтүү иштери 2019-жылдын декабрь айында Беш-Күңгөй айылындагы май куйуучу бекеттин жанында болгон кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу болгон.


Бирок Акылбек Асаналиев алардын айтканы жөн гана шылтоо, тинтүү 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясына байланыштуу деп эсептейт.

Мындан сырткары, Акылбек Асаналиев өткөн аптанын соңунда аны Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө чакырышып, профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн кошумчалады. Айтымында милиция кызматкерлери андан түшүнүк кат жазып, 2-мартта боло турчу Садыр Жапаровду колдоо митингине катышпайм деп сөз берүүсүн талап кылышкан.

Белгилей кетсек, Акылбек Асаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кенже карындашынын уулу болот.