09.09.2019 18:21

Атамбаевди кармоо. Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш жасоо» айыбын тагууну талап кылышты

Атамбаевди кармоо. Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш жасоо» айыбын тагууну талап кылышты

Бүгүн, 9-сентябрда 1700 адам Кой-Ташта аскер кийимчен белгисиз адамдардын тынч жарандарга каршы көрсөткөн зомбулугуна чара көрүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул туурасында КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жазды. 

Өткүрбек Жамшитовдун атына жазылган кайрылууда 7-8-августта Кой-Ташта орун алган экс-президентти кармап кетүү операциясы учурунда жөнөкөй жарандарга карата күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, алардын жетекчилери жана президент тарабынан курамында кылмыш белгилери бар ондон ашык факт катталганы айтылат.

«2019-жылдын 7-август күнү Кой-Таш айылында эч кандай таанытуучу белгилери жок аскер кийимчен адамдардын тобу КР тынч жарандарына карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашты. Ал күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунда элдер чогулуп, саат 18:30дан баштап, эксперт Болот Айткуловдун лекциясын угуп жатышкан. Болжол менен 19:50дө эч кандай эскертүү бербестен, аскер формачан, беткапчан жана колдоруна курал кармаган адамдар тосмодон ашып түшүп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосуна кирип келишти. Алар дароо эле тынч жарандарга ок чыгарып, ырайымсыздык менен сабап башташты», -деп айтылат кайрылууда.   

Тизмеде ал күнү ким кандай жаракат алганы саналат. Алардын арасында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, КР президентинин Жогорку Соттун Конституциялык Палатасындагы мурунку туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков (7 кабыргасы сынган, денеси көк ала болуп, көзү жана бети жабыркаган) жана ЖК 6-чакырылышынын депутаты Мээрбек Мискенбаев да бар. Жөнөкөй жарандардын бир тобу желим октон, же ок атуучу куралдан жаракат алган. 

«Мындан улам күч менен кирип келген бандиттик топтун өкүлдөрүнө карата «Ден соолукка оор залака келтирүү», «Ден соолукка жеңил залака келтирүү» жана «Турак үйдүн кол тийбестигин бузуу» беренелери менен кылмыш ишин ачууну талап кылабыз.

Аскер кийимчен, беткапчан жана куралчан адамдар улгайган адамдардын, аялдардын жана балдардын аларды экс-президенттин короосунан чыгарып жиберүү өтүнүчүнө кулак салган жок, анысы аз келгенсип, бардык адамдарды Конференц-залга кууп киришти. Жаракат алган жана ырайымсыздык менен сабалган адамдарга эки сааттай медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Бул фактылар боюнча «Кооптуу абалга калтыруу», «Жардам көрсөтпөө» жана «Барымтага алуу» беренелери менен кылмыш ишин ачууну суранабыз.  

Куралдуу бандиттик топтун тынч жарандарга каршы мыйзамсыз иш-аракеттери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн тегерегине элдердин топтолуп калышына алып келди. Куралдуу бандиттик топтун мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы турган тынч адамдар болгону экс-президент менен жолугууга барып, бандиттик топ тарабынан барымтага алынган өз жубайларын, балдарын жана кары-картаңдарды куткарып алууну гана көздөшкөн», -деп жазылат билдирүүдө.

Анда айтылгандай, куралдуу топко караганда, тынч жарандар өздөрүн адамгерчиликтүү алып жүрүшкөн, жаракат алган тынч тургундарды медицина кызматкерлерине жеткирип, ал тургай бандиттик топтун өкүлдөрүнө жардам беришкен. Кийинчерээк, бул беткапчан белгисиз адамдар КР «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлери экени белгилүү болгон. 

«УКМК төрагасы Опумбаев операция тууралуу төрт гана адам билгенин айтты. Демек, Кой-Ташка келген спецназ жоокерлери кандай иш-аракеттерди аткаруулары тийиш экенин билишкен эмес. Мындан улам, мындай чечим кабыл алуунун жагдайлары, себептери жана максаттары тууралуу жана бул чечимди кабыл алган адамдар тобу тууралуу Опумбаевден тез арада сурак алыш керек деп эсептейбиз. 

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Опумбаев айткан төрт адамга кылмыш иши козголуш керек. Биз ошондой эле, биздин маалымат алууга болгон конституциялык укуктарыбыз бузулганын маалымдайбыз - 7- августта уюлдук байланыш, ошондой эле, «Апрель» телеканалы өчүрүлдү. Суу менен жарык өчүрүлдү. Эч кандай мыйзамдуу негиз жок туруп, калктын байланышка болгон укугун чектеген адамдарды жоопко тартууну суранабыз», -дешет кайрылуу ээлери. 

Ошондой эле, билдирүүдө 8-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармап кетүүгө экинчи аракет учурунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан тоо боорундагы чөпкө өрт коюлуп, малчыларга зыян келтирилгени, атайын кызматтын адамдары тарабынан башка адамдардын үйлөрүнө атайын каражаттар ыргытылып, терезелер талкаланганы айтылат. Бул боюнча материалдык чыгым келтирүү жана талоончулук фактысы менен кылмыш ишин козгоону суранышат. 

Тартип сакчылары тарабынан тынч жарандарындын автоунаалары талкаланып, атайын каражаттар ыргытылган фактылар боюнча аскерий кылмыш жана адамгерчиликтүүлүккө каршы кылмыш катары  иш козголуш керектиги айтылат.

Эгер сиз тараптан көрсөтүлгөн беренелер боюнча кылмыш иши козголбосо, биз Эл аралык Кылмыш Сотуна кайрылуу укугун колдонобуз.

Мындан тышкары 7-8-август окуяларынан кийин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына карата катаал репрессия жүрүп жатканы белгиленет. 

«Атамбаевди суракка күбө катары мажбурлап алып келүү мыйзамдуу эмес, анткени Жогорку Соттун Конституциялык Палатасы экс-президентти суракка алууга болоор-болбосу тууралуу чечим чыгара элек болчу. Ошондой эле, аны колтийбестиктен ажыратуу аракети да конституцияга каршы келет. Мунун баары экс-президенттин үйүнө чабуул коюу тууралуу «Альфага» берилген буйрукту кылмыштын катарына киргизет.  

Президент Сооронбай Жээнбеков,Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, операцияны жеке өзү башкарганын жана элге каршы жана мыйзамсыз жасалган чабуул коюу вариантын өзү тандаганын мойнуна алды.  

УКМК жетекчиси Опумбаевге, «Альфа» отрядынын жетекчилигине, ошондой эле ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгоп, чара көрүүнү талап кылабыз. Импичмент жараянын башташ үчүн Сооронбай Жээнбековдун аракеттерине өзүнчө юридикалык баа берип, мамлекеттик кылмыш жасаганы боюнча айып тагууну талап кылабыз. Бул иштерден кийин өзүңүз да кызматтан кетүүңүздү суранабыз, анткени, бул окуядагы Сиздин иш-аракет жана ишмердүүлүгүңүз дагы ар тараптуу иликтенип, каралып чыгышы керек».