11.07.2019 13:59

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. Чырга чекитти Конституциялык палата коет

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. Чырга чекитти Конституциялык палата коет

«КР президентинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү Конституциялык палата карап чыгат. Бул туурасында КСДП юристи Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, Палата укук коргоочунун арызын 5-июлда кабыл алган. «Биз Конституциялык палатага эки ирет кайрылдык. Биринчи ирет 7-июнда кайрылганбыз. «КР президентинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр Баш мыйзамга туура келбейт деп эсептейбиз. Бул кайрылуубуз өндүрүшкө алынды. Экинчи жолу 25-июнда Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн комиссия түзүү токтомуна каршылык билдирип кайрылганбыз», -деп билдирди Нурбек Касымбеков.

Нурбек Касымбековдун маалыматына таянсак, экинчи кайрылууну Конституциялык палата 28-августтан кийин карап чыгат.