20.09.2019 13:43

Атамбаевди куттуктаган УКМК кызматкерин жумуштан бошотуп салышты

Атамбаевди куттуктаган УКМК кызматкерин жумуштан бошотуп салышты

Канат Сагынбаевден УКМК кызматкеринин күбөлүгүн тартып алып, өзүн жумуштан бошотуп коюшту. Бул тууралуу экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.  

«Буга Канат Сагынбаевдин Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгон» - деп жазат Кадыр Атамбаев. 

«7-8-августтагы окуялар учурунда Канат Сагынбаев УКМКнын 9-кызматынын офицери катары экс-президент Алмазбек Атамбаевди коргоодо өз милдетин аткарды. 

Мыйзамсыз чабуулдун уюштууучулары УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлерин «Альфа» отрядынын кызматкерлери менен кайраштырды. Мен Канат Сагынбаевге, УКМКнын 9-кызматынын кызматкерине, чабуул тууралуу эч кандай билдирүү беришпегенин коюшпаганын эскертип кетем. Ал тургай, «Альфа» отрядынын чабуулу башталганда да, аны чакыртып алышкан эмес, башкача айтканда Атамбаев мамлекеттик күзөттүн коргоосу алдында калышы керек болчу. 

Эскертем, УКМКнын 9-кызматынын кызматкери катары Канат Сагынбаев жумуш алдында жетекчиликтен «объектини кашык каны калгыча коргоого» милдеттенме алган.

Канат Сагынбаев – мамлекет тарабынан өзүнө коюлган милдетти татыктуу аткарган чыныгы офицер. Аны эмес, чабуул жасоого кылмыштуу буйрук бергендерди жумуштан бошотуш керек», - деп түшүндүрдү экс-президенттин уулу.