15.10.2019 10:00

Атамбаевдин иши. Ишкер Субихи Пархати кармалды

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Атамбаевдин  иши. Ишкер Субихи Пархати кармалды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булагына таянып, жазды. 

Маалыматка ылайык, Субихи Пархатиге кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилди.

«Буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи Май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди мыйзамдаштырып алган деп шектелүүдө», -деп билдиришкен агенттикке. 

Эске салсак, 2017-жылы Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын Субихи Пархатиге 54 миллион сомго саткан. Мурунку президенттин 2017-жылкы декларациясында акчалар көрсөтүлгөн. Бирок, келишим түзүлүп жатканда сатып алуучунун акча төлөй алуу жөндөмдүүлүгү жана акчанын келген булагы текшерилген эмес.