21.08.2019 15:54

Атамбаевдин камакка алынышын жеңилүү катары баалоого болбойт,— орусиялык саясат таануучу

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Атамбаевдин камакка алынышын жеңилүү катары баалоого болбойт,— орусиялык саясат таануучу

Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышын жеңилүү катары баалоого болбойт, деп билдирди НСН  эфиринде КМШ өлкөлөр институтунун Орто Азия жана Казакстан бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозный.

«Мен аны утулду деп айтуудан азырынча сактанып турат элем. Менин оюмча, Атамбаев мырзанын саясий жашоосундагы бүтүндөй тажрыйбасы - ал  өзүнө карата басым болгон учурда гана баарынан мыкты жана эффективдүү иш алып бараарын күбөлөндүрүп турат. Ал - күрөшкер, ошондуктан бат жана жөн эле жеңилип бербейт», - деп белгилейт политолог.

Атамбаевге кримавторитетти мыйзамсыз бошотууну гана эмес, жер тилкелери менен махинация кылуу, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция, мыйзамсыз көмүр ташуу боюнча айыптарды илип жатышат.  Бирок Кыргызстанда бул айыптоолор мурунку мамлекет башчысын темир тор артына жөнөтө алаарына ишенгендер аз, деди Андрей Грозин.

«Кыргызстандагы көпчүлүк байкоочулар мунун ар бирин далилдөөгө мүмкүн болбойт деп жатышат. Бул айыптардын баарынын далили бар деп азыр Бишкекте эч ким айта албайт. Андыктан, эгер процесс ушундай өңүттө кете турган ал оңой эле ыдырап түшөт. Атамбаев - чоң саясий тажрыйбага ээ адам, тарыхы бар адам, ири фигура, аны жөн эле түрмөгө отургузуп коюу оор болот, эгер албетте, мындай тапшырма коюлган болсо»,- деп билдирди НСН маектеши.

Анын айтымында, Кыргызстан бийлиги Атамбаевди түрмөгө отургузууну эмес, өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз кылууну каалаган. Бирок бул да алардын колунан келиши күмөн, дейт эксперт.

«Менин оюмча, өлкө жетекчилиги башында Акаев, Бакиев сыяктуу эле Алмазбек Атамбаевди да өлкөдөн кетирип жиберүү колунан келет деп ойлогон. Иштин азыркыдай оорлошуп кетиши, бир четинен начар даярдыктын жана экинчи тарабынан, Алмазбек Шаршеновичтин өзүнүн өжөрлүгүнөн болду. Ал өзүнүн күнөөсүз экенин, саясий репрессияга кабылып жатканын бир канча ирет айткан жана дагы айтат. Анын тарапташтары бар, анын ресурсу бар. Андыктан аны өлкөнүн саясий жашоосунан жөн гана чыгарып коюу колдорунан келбейт», - деп билдирди Андрей Грозин.

Саясат таануучу Кыргызстандын айрым эксперттери Атамбаев менен болуп жаткан нерсени алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланыштырышканын жана экс-президент тегерегине оппозициялык блокту топтошу мүмкүн экенин четке кагышпай турганын кошумчалады.

«Кыргызстанда учурда болуп жаткан нерсенин баары келечектеги парламенттик шайлоонун камкордугунда өтүп жатат, шайлоо келе жаткан жылы болот. Кыргызстандагы кээ бир серепчилер дал ушул алдыдагы шайлоо өлкөдө акыркы учурларда болуп жаткан жараяндардын жана алардын радикалдашуу даражасын аныктап жатканын айтышат. Атамбаевдин тегерегинде кайсы бир оппозициялык лагерь биригип башташы толук мүмкүн жана аны Кыргызстандын саясий аренасынан жөн гана  алып коюу мүмкүн эмес. Өтө эле ири фигура», — деп жыйынтыктады саясат таануучу.