04.11.2019 13:13

Атамбаевдин кеңсесиндеги тинтүү. Тергөөчүлөр жасалма номерлүү унаа менен келишкен

Атамбаевдин кеңсесиндеги тинтүү.  Тергөөчүлөр жасалма номерлүү унаа менен келишкен

Сеид Атамбаевге таандык «Автомаш-Энерго» компаниясынын кеңсесин тинтүү үчүн Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү жасалма номер тагылган унаа менен келишкен. Бул тууралуу«Апрель» телеканалына көрүүчүлөр кабарлашты.  

Кеңсеге тергөөчүлөр Audi A-6 унаасы менен келишкен. Бул унааны Carcheck сервисинен издеп көргөндө, анда тагылган «S 0500 J» мамлекеттик номери Mercedes-benz 320 үлгүсүндөгү унаага тиешелүү экени аныкталган. Мындан улам бул номер жасалма деген тыянакка келсе болот.  

Эскерте кетсек, 31-октябрь күнү «Автомаш-Энерго» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргөн. Сеид Атамбаев Кыргызстандын бизнес-омбудсмени  Робин Орд-Смитке ишканасын рейдерлик менен басып алуу аракеттери жүрүп жатканы тууралуу арыз менен кайрылган. 

Башкы прокуратурадан Сеид Атамбаевдин кеңсесиндеги тинтүү мурунку президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерине байланыштуу экенин билдиришкен. Ошондой эле, «Автомаш-Энерго» компаниясы салыктык текшерүүдөн баш тартып жатканын маалымдашкан. Бирок компаниянын юристи Салия Эшкинина бул маалыматты төгүндөгөн.