14.10.2019 12:13

Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев камакта калтырылды

Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Амантур Жамгырчиевди 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул туурасында анын жактоочусу Бактыбек Жумашевге таянып, 24.kg. жазып чыкты.

Укук коргоочунун айтымында, Биринчи Май райсоту менен Бишкек шаардык сотунун чечими мыйзамсыз болуп эсептелинет. 

«№1 Тергөө абагында отургандан бери Амантур Жамгырчиевди бир да жолу тергөө иштерине чакырышкан жок. Эгер аны кылмыш жасаган киши катары көрсөтүшсө, анда камакта кармоо мөөнөтүн узартуу негиздүү болмок. Бир да адам андай кылган жок. Сот Амантур Жамгырчиевдин эл көзүндөгү адам экенин эске алса болмок, ал соттон качып кетет деп шектенүүгө материалдарда эч далил жок», — деди Бактыбек Жумашев.

Эске сала кетсек, Амантур Жамгырчиевге «Массалык башаламандык», «Киши өлтүрүү»  жана «Барымтага алуу» беренелери менен айып тагылууда.