Атамбаевдин жактоочуларынын доо арызы канааттандырылган жок
Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын аны кармоо жана камакка алуу мыйзамсыз болгондугу туурасында доо арызын карап, канааттандырган жок.
Бүгүн, 4-сентябрда УКМКда Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны өттү. Анда экс-президенттин жактоочуларынын эки доо арызы каралды. Биринчиси, 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракети боюнча, экинчиси Биринчи Май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечими боюнча болду.
Жактоочунун айтымында, соттук коллегиянын мүчөлөрү: Карабеков, Сабитова, Эсекеевдер материалды жакшылап карап чыкпай туруп, эки доо арызды тең четке кагышты.
Ошондой эле, жактоочу соттук отурум жабык өтүшү менен КР Жазык-процессуалдык кодекстин нормалары бузулганын белгиледи.
«Биздин Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырууга каршы жүйөөлөрүбүздү эске алган жок. Жооп берилген да жок, сот жөн гана өтүнүч канааттандырылбай турганын билдирди», -деди Слесарев.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: