02.05.2019 10:03

Атасындай адамды сабап өлтүрүшкөн. Токмокто жаш жигиттер оор кылмышка шектелүүдө

Атасындай адамды сабап өлтүрүшкөн. Токмокто жаш жигиттер оор кылмышка шектелүүдө

Токмокто оор кылмыш жасоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу 2-майда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  29-апрель күнү эртең мененки саат 07:00 чамасында Токмок шаардык ички иштер органдарына ооруканада бир адам оор жаракаттарынан улам каза болгону тууралуу кабар түшкөн. Анын буга чейин ур-токмокко алынганы аныкталган. Бул факт боюнча «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен сотко чейинки тергөө башталган. Маркум 61 жаштагы Г.Ф. экени белгилүү болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.Ф. жана 26 жаштагы З.У. кармалып, тергөө абагына камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектүүлөр мас абалда уруша кетип, маркумду сабап салышкан. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.