16.05.2018 12:30

Атасыз калган милициянын үй-бүлөсү

Кечээ кызматтык милдетин өтөп жатып, баатырларча курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнүнө карата ички иштер министрлигинин даңк мемориалында эскерүү кечеси орун алды. Мекен үчүн, эли жери үчүн жанын аябаган кызматкерлердин жаркын элесине гүл чамбар коюлуп, жымжырт мүнөтү жарыяланды. Акыркы 20 жыл ичинде 164 милиция кызматкери жумуш учурунда мерт болгон.

Жоготуу, сагынуу, ый-муңдун арасындагы атасы жок 9-жыл. Сөз өмүрүн кызматка арнаган милициянын ага сержанты Кубанычбек Байгабуловдун үй-бүлөсү туурасында болуп жатат. Эми эки кызынын аска тоосу, жубайынын жөлөгү үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрөгүндө түбөлүк сакталат. Элине кызмат өтөгөн мекенчил милиция кызматкеринин артында калган жакындары кандай күн кечирип жатканы төмөнкү видеодо.