26.05.2020 11:10

Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды

Садыр Жапаровдун эжеси Польшадан кармалды

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун издөөдө жүргөн эжеси Польшадан кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда Райкүл Жапарова эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган.

Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Жапарова 2020-жылдын  22-майында Польшанын аймагынан кармалган.

Азыркы учурда, Башкы прокуратура тарабынан Р. Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.

Жапарова Райкул Нуркожоевна 2014-жылдын 22-октябрында жана  2015-жылдын 3-апрелинде, «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык», «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.