17.02.2020 13:24

Ат-Башы элинин логистикалык борборго каршы митинги кайрадан жанданды

Ат-Башы элинин логистикалык борборго каршы митинги кайрадан жанданды

Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районундагы элдин каршылык акциясы уланууда. Алар аталган аймакта логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгышты. Митингге миңдей киши топтолгон.

Алар инвестор болобуз деген Кытай тарапка ишеним көрсөтүшпөй турганын, алардын түпкү ниети башка болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.

«Биз ат-башылыктар эч качан митингге чыккан эмеспиз. Бизге Кытай тараптын мындай борборду курганынын кереги жок. Мал-жаныбызды багып, ошол менен тиричилигибизди өткөргөнүбүз оң», — дешти.

Мындан сыткары, нааразы эл «Нарын» экономикалык аймагына 200 гектар жерди ижарага берүү боюнча макулдукту жокко чыгарууну талап кылышты.

Жыл башынан бери Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат. Алар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат.

Курулуштун пайдубалын түптөө иш-чарасы 2019-жылы 11-декабрда башталган. Ага премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев катышкан.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.