08.05.2018 10:49

Ат-Башы районунда айыл тургундары өз акчаларына бала бакча куруп башташты

Ат-Башы районунда айыл тургундары өз акчаларына бала бакча куруп башташты

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Салтанатка жергиликтүү аткаминерлер менен айыл тургундары катышты.

Учурда Терек-Суу айылында 430 түтүн жашайт. Бала бакчага баруучу бөбөктөрдүн саны - 345. Айылда мектепке чейинки билим берүүчү жайдын  өзүнүн имараты жок болгондуктан, бөбөктөр орто мектептин  имаратынын бир башындагы класстарда тарбияланып келе жатышат. 

Буга чейин айыл тургундары 100 орундук бала бакчаны куруу үчүн марафон өткөрүшүп, 4 млн сомдон ашык акча каражатын топтошкон. Анын 2 млн сомун ушул айылдан чыккан ишкер Байболот Айтиметов берип, курулуш иштерин бүткөрүү жоопкерчилигин алган.