07.02.2019 11:18

Атып туруп, унааны өрттөп жиберишкен. Россиядагы кыргыз жана өзбек жарандарынын өлүмүнүн жагдайы

Атып туруп, унааны өрттөп жиберишкен. Россиядагы кыргыз жана өзбек жарандарынын өлүмүнүн жагдайы

Россиянын Магнитогорск шаарында өрттөнүп кеткен маршрутканын ичиндеги адамдар кырсыкка чейин атылган. Эксперттердин корутундусуна караганда, бардык жаракаттар өрткө чейин бир нече саат мурун алынган, деп жазат news.ru порталы. 

Унаа күйүп баштаган учурда, анын ичиндеги адамдар тирүү эмес болчу. Алар Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары — Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитовдор экени аныкталган. 

Эскерте кетсек, Россиянын Магнитогорск шаарында 1-январь күнү «Газель» үлгүсүндөгү маршрутка өрттөнүп, анын ичинен 3 адамдын сөөгү табылган.