31.05.2019 15:00

Аткезчилерди тоношмок. Чүйдө милициянын подполковниги менен лейтенанты кармалды

Аткезчилерди тоношмок. Чүйдө милициянын подполковниги менен лейтенанты кармалды

Чүйдө кылмыштуу топ түзүп алган милициянын подполковниги менен лейтенанты кармалды. Алар контрабандалык товар ташыгандарды тоноого камданып жатышкан, деп билдирди УКМК.

30-майда Чүй областынан 12 калибрдеги кесилген мылтык, ок-дарылар жана жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. колго түштү. 

Кармоо учурунда лейтенант  К.К өзүнүн ВАЗ 2107 маркасындагы автоунаасы менен качып кетүү аракетин көрүп, жыйынтыгында кармап жаткан топтун автоунааларынын бири менен сүзүшүп алган. Такталган боюнча, кылмыштуу топту Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары,  подполковник уюштуруп, калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекене саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (божомолдор боюнча 5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө) аткезчилик жол менен ташыган тараптарга кол салууну белгилеп жатышкан.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, КР кылмыш-жаза кодексинин 321 беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталды.

Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

«УКМК укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлүп жана иш алып барып жаткан кылмыштуу топ уюштуруп, кийин ачылбай кала турган резонанстуу кылмыштын алдын алды», -дешет мекемеден.