13.08.2018 16:10
Августта кыргызстандыктар эки күн эс алышат
© Calendaro
Кыргызстандыктар 21-август күнү иштебейт. Анткени, бул күнү өлкө мусулмандары Курман айт майрамын белгилешет. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тараткан билдирүүдө: «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, ай календары боюнча аныкталуучу Курман айт мусулман майрамы, жумушчу эмес майрам күн болуп саналат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, Мусулмандардын ыйык "Курман айт" майрамы быйыл 21-август күнү белгиленет», -деп жазылган.
Ошондой эле, кыргызстандыктар 31-август КР Көз карадысыздыгы күнүндө да эс алышат.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: