12.02.2020 11:31

Авто кырсыктын айынан төрт киши ажал тапты. Ак-Ордо жаңы конушунда катталган авария

Авто кырсыктын айынан төрт киши ажал тапты. Ак-Ордо жаңы конушунда катталган авария

“Ак-Ордо” жаңы конушундагы аварияда төрт киши мерт кетти. Дагы экөө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу патрулдук милиция кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы күн мурун, 11-февралда, саат 22:00 чамасында катталган. Nissan Primera жана BMW-523 автоунаалары сүзүшкөн.

Nissan Primera маркасындагы унааны 30 жаштагы К.О. аттуу жаран башкарып келаткан. Ал Гагарин көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жаткан. Ошол жактан 2001-жылкы М.Т. аттуу жаран башкарган экинчи автоунаа менен сүзүшкөн.

Авариянын кесепетинде төрт киши мерт кеткен – эки айдоочу жана эки жүргүнчү.

BMWда отурган дагы эки жүргүнчү №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, иликтөө иштери башталды.