11.03.2020 11:11

Кубатбек Боронов: Жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кубатбек Боронов: Жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты

2009-жылдан кийин сугат айдоо жерлеринде турак үйлөр салынып жана бөлүнүп кеткен жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Белгиленгендей, Өкмөт 2009-жылга чейинки сугат айдоо жерлеринде турак үйлөр салынып калган жерлерди мыйзамдаштырууну колдоп, 2018-жылдын 2-августунда мыйзам кабыл алынып, бүгүнкү күндө белгиленген тартипте жерлерди которуу процедуралары жүргүзүлүүдө.

«Айыл чарба министрлиги тарабынан 2009-жылдан кийин сугат жана айдоо жерлеринен берилип, турак үйлөр салынып калган жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилди. Өкмөт социалдык абалды эске алуу менен бул мыйзам долбоорун колдойт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберет. Буга чейин маалымат алмашууда Жогорку Кеңештин Төрагасы жогорудагы мыйзам долбоорун колдой турганын билдирген», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Сокулук районунун акимине социалдык объекттерди куруу максатында Ак-Ордо конушундагы 18 га жер аянтын трансформациялоого даярдоо боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди.

«Бүгүнкү күнгө чейин жер тилкесин мыйзамдаштыра албай келген жарандар бар. Ушундан улам алар үчүн тиешелүү жашоо шарттары толук кандуу түзүлбөй келген. Мектеп, бала бакча, бейтапкана, жол, таза суу сыяктуу бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер орун алат. Өкмөттүн бүгүнкү чечими жарандарыбызга ошол шарттарды түзүп берүүнү өбөлгөлөйт», - деди Кубатбек Боронов.

Маалымдама: Жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамды ар тараптуу кароо жана республика боюнча канча гектар жер аянты ушул мыйзамдын алкагында трансформациялана тургандыгы тууралуу маалыматты тактоо максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Негизинен жумушчу топ Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Ош шаарынын чегинде жайгашкан 14 айыл аймактын жана 1 шаардын аймагындагы 97 контурда жайгашкан 3760,45 га жер аянтын изилдеп, тактап чыкты. Анын ичинен: Аламүдүн району боюнча 1615,42 га, Сокулук району боюнча 1569,40 га сугат айдоо жерлерине турак-жайлар курулуп жана бөлүштүрүлүп кеткендиги аныкталды. Анын ичинде 900 га жакын жер аянты Ак-Ордо конушунун аймагында жайгашкан.