06.06.2018 10:01

Автобустагы отургучтардын арасына жашынып алган. Чек арада мыйзам бузган адам кармалды

Автобустагы отургучтардын арасына жашынып алган. Чек арада мыйзам бузган адам кармалды

Өзбекстандын Сох анклавынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Окуя кечээ «Чечме» өткөрүү пунктунда болгон. Анда жарандыгы жок адам коңшу мамлекеттен келе жаткан автобуста, отургучтардын арасына жашынып, Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган.  Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

1960-жылкы Ю.А. аттуу адам чек арачылар унааны текшерип жатканда кармалды. Сураштыра келгенде, ал  буга чейин өткөрүү пунктунан жөө өтүүгө аракет кылганы аныкталды. Бирок, жанында Өзбекстанда берилген, жарандыгы жок адамдын документи гана болгондуктан, аракетинен майнап чыккан эмес.

Чек арачылар ага "Чечме" эки тараптуу өткөрүү пункту болгондуктан, кыргыз жана өзбек жарандарын гана өткөрүүгө тийиш экенин түшүндүрүштү.

Кармалган адам, паспортту текшерүү иш-чарасынан качып. автобустун отургучтарынын арасына атайын жашынып алганын мойнуна алды.

Тийиштүү документтер толтурулган соң, кармалган адамды ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти.