10.12.2019 11:00

Автотрассада адамдарга кол салгандар кармалды

Автотрассада адамдарга кол салгандар кармалды

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-декабрда милицияга Бишкек-Торугат унаа жолунда бир канча жаран согушуп жатат деген билдирүү келип түшкөн.

"Милицияга Ш.У. кайрылып, белгисиз 4 жаранга карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, саат 01:00дө белгисиз бирөөлөр унаасы менен анын унаасын четке кысып жол жээгине чыгарып коюшкан. Алар айдоочуну сабап, травматикалык тапанчасын, документтерин жана унаанын ачкычын алып кетишкен",- деп айтылат маалыматта

Ошондой эле мушташтын дагы башка катышуучулары (биринчи унаадагы балдар) 23 жаштагы А.С., Ш.Ж., А.Н жана 22 жаштагы А.А. милицияга арыз менен кайрылышып, Ш.У.га карата чара көрүүнү суранышкан. Алардын айтымында, Ш.У. жана башка жүргүнчүлөр аларды сабап салышкан.

Сурактан кийин экинчи унаада бара жаткан балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалат.