13.08.2018 16:41

Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизилет

Эмки жылдан тарта унаа ээлери жарандык камсыздандырууга сөзсүз милдеттендириле баштайт. Тиешелүү мыйзам 2019-жылы 7-февралда күчүнө кирет. Ага толук даярбыз, деп расмийлер төштөрүн каккылашканы менен жөнгө салынышы керек болгон көйгөйлөр арбын болуп чыкты. Жарандык камсыздандыруу деген эмне, аны ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү кабарчыбыз Аман Бакиров айтып берет.