09.02.2020 15:36

Бишкекте автожуучу жайда өрт чыгып, алты машина күйүп кетти

Бишкекте автожуучу жайда өрт чыгып, алты машина күйүп кетти

Бишкекте Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги автожуучу жайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кесепетинде, бир киши түтүнгө ууланып, ооруканага түшкөн. Алты автоунаа жана имарат күйүп кеткен. Оттун жалыны жакын жайгашкан үйгө дагы жармашкан.

Маалыматка ылайык, учурда өрттү өчүрүү үчүн беш бригада иштеп жатат.

Өрттөн эмнеден чыкканы жана жабыр тарткандар боюнча маалыматтар тактала элек.

Пострадал один человек, отравление угарным газом, остальное сгоревшее - 6 авто, конструкции https://t.co/T7FXtIsBAd

— Мэрия города Бишкек (@bishkekcityhall) February 9, 2020