09.04.2019 10:20

Аял күйүп баштаган унаадан эки баласын чыгарып калууга үлгүрдү (видео)

Аял күйүп баштаган унаадан эки баласын чыгарып калууга үлгүрдү (видео)

Австралиянын Канберра шаарында аял күйүп жаткан унаадан эки баланы чыгарып калууга үлгүрдү. Ал окуянын тасмасын About Regional порталы жарыялаган.

5-апрель күнү Кэтрин Мэйс 5 айлык уулу  Хантер жана 1,9 айлык уулу Томми менен паркка барууга камынган. Mazda CX5 унаасы от албай жаткандыктан, ал агытуу аккумулятору менен колдонгон. Парктын унаа токтотуучу жайына келгенде, Мэйс аккумулятор тараптан тарс эткен добушту жана шуулдаган үндү уккан. Аңгыча эле ал жарылып кеткен.  Унаанын айнектери чачырап, аккумулятордон кара түтүн чыгып, орундуктар күйүп баштаган. 

Мэйс унаадан чуркап чыгып, балдарын чыгарып баштаган. Ага кичүү уулу Хантерди бөбөктөр креслосунан чыгаруу үчүн бир нече секунд коротууга туура келген. Аял балдарын унаадан ары алып кетер менен транспорт дүрт эте күйүп кеткен. 

«Мен унаа мына азыр жарылат деп ойлоп жаттым. Балдарымды сактап калганыма дагы деле  ишене албай турам. Менде болгону бир мүнөткө жакын убакыт бар эле», — деп билдирди Мэйс. Ал ошондой эле, эгер аккумулятор унаа жүрүп баратканда жарылган болсо, балдарды куткаруу оор болмоктугун билдирди. 

Аялдын айтымында, кырсык болгон күнү кечинде уктай албай чыккан. Балдар эч нерсени түшүнбөгөндүктөн, унаа жарылгандан кийин эле паркта ойноп баштоону каалашкан.