19.12.2018 12:47

Аялга бычак такап, акчасын тартып алган. Токмокто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Аялга бычак  такап, акчасын тартып алган. Токмокто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Аял кишини бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алууга шектелген Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Бул туурасында April.kg порталына ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын ноябрь айында Чүй облусунун Токмок шаарында түнкү саат 03:30 чамасында соода үйүнүн жанынан кылмышкерлер бычак менен аял кишиге кол салышып, 
акча каражатын тартып алышкан. 

Аталган кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылып, карактоого кылмыштуу топтун
мүчөлөрүнүн тиешеси бардыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн ыкчам чаралардын жүрүшүндө 2018-жылдын 17-декабрь күнү Токмок шаарында жашаган, мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалган.

ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Жогорудагы кылмышка тиешеси бар дагы бир шектүү укук коргоо органдары тарабынан жакында
кармалган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.