02.10.2018 16:53

Аялы авариядан каза тапканын уккан жолдошу асынып алган

Аялы авариядан каза тапканын уккан жолдошу асынып алган

Россияда жол кырсыгына кабылып, каза тапкан кыргызстандык аялдын жолдошу аялынын өлүмү тууралуу кабарды угуп асынып алган. Бул туурасында дарыгерлердин сөзүнө таянып, «Кабар» агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Россиянын Новосибирск шаарында 6-сентябрда эки кыргыз аял жол кырсыгына кабылган. Алардын бири кош бойлуу болгон. 

«Боюнда бар келин -Кыргызстан жараны- бизде травматология бөлүмүндө. Жол кырсыгында анын жамбаш сөөгү сынып кеткен. Анын курбусу кырсык болгон жерден каза тааптыр. Маркум да кыргыз жараны болгон», - деп билдирген дарыгер. 

Каза болгон кыргызстандыктын күйөөсү аялы аварияга кабылып, каза тапканын укканда муунуп өлгөн. Алар бир ай мурун үйлөнүшкөн. 

«Ал эми боюнда бар келиндин абалы канааттандыраарлык, операция жасалды. Ичиндеги түйүлдүк да аман-эсен. УЗИнин көрсөткүчтөрү жакшы чыгып, жүрөгү согуп жатат. Жолдошу күндө келип, аялынан кабар алып турат», - деп кошумчалаган дарыгер.