26.03.2019 09:35

Аялы менен уруша кеткен жаран учак менен үйүн сүзүп, өзү каза тапты(видео)

Аялы менен уруша кеткен жаран учак менен үйүн сүзүп, өзү каза тапты(видео)

Ботсванада кош бойлуу аял бир күндө үйүнөн жана күйөөсүнөн айрылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Окуя Ботсвананын борбору Габоронеде болуп өткөн. Үй-бүлө болочок наристенин урматына арналган кече өткөрүп жатышкан. Анын жүрүшүндө  күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыккан.

«Мас абалдагы күйөөсү аялын жаакка чаап жибергенден кийин достору арачыга түшүп, аны сыртка чыгарып коюшкан. Буга ачууланган күйөөсү башка адамга таандык жеке учакты айдап качып, аялынан өч алмай болгон. Үйдүн ичинде отурган досуна чалып, аялы үйдүн кайсы бөлмөсүндө отурганын аныктаган соң учак менен үйдү сүзгөн. Натыйжада бир нече унаа жана үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Үйдүн ичиндеги адамдардын баары кырсыкка чейин сыртка чыгууга жетишкен. Оор жаракаттардан улам аялына өчөшкөн жаран каза болуп калган», - деп айтылат маалыматта.