19.09.2018 17:13

Аялын өлтүрүп, денесин чемоданга салып чыккан. Кылмышкер буга чейин да адам өлтүргөнү такталды

Аялын өлтүрүп, денесин чемоданга салып чыккан. Кылмышкер буга чейин да адам өлтүргөнү такталды

Чебоксары шаарынын (Россия) 3 ирет соттолгон тургуну үйүнөн аялын муунтуп өлтүрүп, денесин чемоданга салып, такси менен алып чыгып кеткен. Бул туурасында Орусиянын Тергөө комитетинен билдиришти. 

37 жаштагы кызынын жоголуп кеткени тууралуу алгач атасы коңгуроо каккан. Бул ишти иликтеп баштаган тергөөчүлөр үйдүн алдына коюлган видеокамерадагы тасмаларды карап көрүшкөн.

Үйдөн оор чемодан менен чыгып, таксиге отуруп жөнөп кеткен эркек кишиге назарлары бурулуп, тактай келгенде, бул жоголуп кеткен аялдын күйөөсү - мурда киши өлтүргөндүгү үчүн 14 жылын түрмөдө өткөргөн  киши болуп чыккан. 

Сурак учурунда 44 жаштагы шектүү аялын ажырашууга арыз бергени үчүн өлтүрүп салганын мойнуна алган. Денени чемоданга салып, токойго алып барып көмүп койгон.

Учурда ага «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши ачылып, тиешелүү териштирүү иштери жүрүүдө.