06.06.2019 12:44

Айбек Калиев: Каржы министрлиги менен тергөөнүн айткандары дал келбей жатат

  ЖЭБ чуусу (4 материала)
Айбек Калиев: Каржы министрлиги менен тергөөнүн айткандары дал келбей жатат

Бүгүн, 6-июнда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча ачылган кылмыш иштин соттук отуруму өтүп жатат.

Процессте Каржы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков менен Азамат Исаков жабырлануучу катары сурак беришүүдө. Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиев Каржы министрлигинин өкүлдөрүнөн мамлекеттик соттук экспертизада 150 млн. долларлык техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН)  кайдан алганына кызыкты.  

«Сиздер өткөндө ТЭН жок болчу деп айткансыздар. Ошол эле учурда кылмыш ишинин материалдары менен таанышканыңыздарды жана тергөөнү колдой турганыңыздарды айтып жатасыздар. Сиздер жок деп жаткан ТЭН кантип мамлекеттик экспертизада бар болуп калды?», - деп сурады ал. 

Каржы министрлигинин өкүлдөрү бул суроого жооп бере алышкан жок. Сапар Исаковдун жактоочу тергөөгө каржы министрин чакырууну суранды эле, сот өтүнүчтү четке какты.