05.07.2019 10:50

«Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалган Нигерия жараны түндө каза тапты

«Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалган Нигерия жараны түндө каза тапты

Бишкектин «Айчүрөк» соода борборунун жанында сабалган Нигерия жараны түндө каза тапты. Бул туурасында Саламаттык сактоо министирлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Нигериянын жараны Т.А. 2-июль күнү Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Абалы аябай оор болуп комада болчу. 5-июлга караган түнү каза болуп калды», -дейт министирликтин маалымат кызматы.

2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан «Айчүрөк» соода борборунун аймагында катуу сабалып, жерде жаткан чет элдик жарандын видеосу тараган. Кийин ал Бишкектеги тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Т. Абубакар экени айтылган.

Бул окуядан улам, өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Бул кылмышка шектелип 22 жаштагы кыргыз жараны кармалган.