16.04.2019 17:27

Айдай Асангулова: Намысты коргоду деп, кызыбызга калпак, кементай кийгизгенибиз - бир чети туура

Айдай Асангулова: Намысты коргоду деп,  кызыбызга калпак, кементай кийгизгенибиз - бир чети туура

«Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» долбоорунун кезектеги чыгарылышынын коногу - «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү, дизайнер Айдай Асангулова. 

Маектин кыскача үзүндүсүн тартуулайбыз.

—  Кийизди ыйык тутуш керек, аны мончого кийип барган болбойт. Астына салып отурганга болбойт деген түшүнүктөр бар экен. Сиз буга кандай карайсыздар?

— Мен бул сөзгө кошулам. Кийизди ыйык тутуш керек. Себеби, кыргыздар кийиздин үстүндө төрөлгөн, өлгөндө да кийиз менен өлгөн. Азыр болсо, тилекке каршы, ар кандай синтетикалык материалдын үстүндө төрөлүп, кайра ошол эле синтетика кийиз менен көмүлүп жатабыз. Бул жаман көрүнүш дейм. Анткени, кыргыздар бекеринен ханды ак кийизге көтөрбөсө керек, калпагыбыз да ак кийизден болбосо керек. Негизи кийиз менен байланыштуу көп нерселерибиз бар, андыктан, кийизди кастарлашыбыз керек. Биз да фонддун атын бекеринен тандап алган эмеспиз. 

— Биз кыргыздар кийизди өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбыз катары тааныйбыз. Эмне себептен кытайлар кийизди өздөрүнүкү дебейт, эмнеге казактар өздөрүнүкү дебейт? Эмне себептен кыргызга байланып калган?

— Менин оюмча, бул биздин жашоо турмушубуз менен байланышып калган. Көчмөн жашоо учурунда деле, отурукташкан кездер болгон. Көчмөн жашоодо негизги биздин малыбыз кой болгон. Койдун этин жесе, териси менен жүнүн иштеткен, негизги буюмдарыбыздын баары кийизден болгон: боз үйдүн жабуусу, шырдак, ала кийиз, боз үйдүн ичиндеги дээрлик жасалганын баары жүндөн жасалып жатат. Ошондуктан, бул биздин негизги материалыбыз болуп, көчмөн жашообуздан азыркыга чейин калгандыктан бул кийиз бизге кыргыз элине тиешелүү материал болуп калган. Өзбектерде чопо негизги буюмдарынын бири болсо, биздики -кийиз.  Кийизди жеке эле кол өнөрчүлөр баалабастан, чет өлкөдөн келген серепчилер да «Кийиздин жүрөгү -Кыргызстан» деп айтышкан. Бул сөздүн айтылуу себеби да жөн жерден эместир. 

— Сиздин фонддун эң негизги максаттары кыргыз улуттук кийимдерин жандандыруу эмеспи. Өзүңүз баш болуп, Кыргызстандын ар булуң-бурчун кыдырып, чоң апалар менен маектешип, элечек тууралуу материалдарды чогултуп келесиз. Азыркы учурда канча элечектин эскизин чогулта алдыңыздар?

— Буга чейин 13 түр элечекти атайын сүрөткө тартып, видео сабактарды үч тилде биздин Ютуб каналга койгонбуз. Жакында эле дагы 7 элечек менен толуктадык. Сыймыктанып айта кетүүчү нерсе, бир элечектин башында - 1-2апа, же бир айыл, бир райондун маалыматы турат. Ушул жылдын октябрына чейин ушул 7 видеону кайра элге тартуулайбыз.  

— Азыркы учурда биздин коомдо жаш кыздар, келиндер паранжа кийишип, аларды мектепке киргизбей коюшуп, көйгөй жаралып жатат. Мурунку биздин апаларыбыз элечек кийип деле намаз окуп жүрүшкөн да туурабы?

  — Таласта Казакстан менен чектеш тургандыктан, кийме элечек деген элечеги бар. Жалпы кылып бычылып, кийилиши оңой. Азыркы күнгө чейин Таластагы намаз окуган апаларыбыз кийме элечектин топучасын кийип алып, намазын окуйт. Анан илгери дин туткан биздин ата-бабаларыбыз кадимкилей кыргыздын кийими менен эле, намаз окушчу. Балким, намаз убагында элечегин чечип коюп, жоолук салынып алса керек деп ойлойм. Азыркы жоолук салынып аткан көрүнүштү аз убакка гана болуучу таасир деп эсептейм. Биздин максатыбыз ар бир кыргыз үйүндө салттуу кийим болушу керек. 

— Улуттук кийимдин ар биринин өзүнүн мааниси, өзүнүн орду бар дешет. Менин угушум боюнча аялдар элечекти бир же эки балалуу болгондон кийин оронгон дешет. Сиз болсо, тойдо жаңы келген келинге да ородук деп жатасыз. Ошол эле убакта жаш кыздар кыз узатууда белдемчи кийип алып кетип атышат, белдемчини аял киши төрөгөндөн кийин бели бекем болсун деп кийген дешет. Азыр булардын мааниси аралашып кетти. Буга кандай карайсыз, же кийгенине эле ыраазы болушубуз керекпи?

 — Ыраазы болуп калтырып койсок, туура эмес болуп калат. Ансыз деле аралашшып калган нерсебизди ого бетер бурмалап, тебелөө болуп калат да. Анан биз элдерди үндөйбүз. Сиз баамдагандай эле, элечекти бир бала төрөгөндөн кийин орогон деген да маалымат бар. Бирок, турмушка чыккандан баштап оролгон деп да айтышат. Бул аймак аралык, уруу аралык өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн. Бирок, турмушка чыккандан баштап, оролгон деген маалымат көбүрөөк кездешет. Белдемчини болсо, бир бала төрөгөндө төркүнү бешик менен кошо алып келип, кийгизген.

— Биздин кийиз, калпак туризмдин өнүгүшүнө канчалык деңгээлде салым кошот деп ойлойсуз?

 — Абдан чоң салым кошот. Кандай гана турист болбосун, жок дегенде бир, же эки кийиз буюм алып кетет. Кеп -ошол турист алып жаткан буюмдун маани-маңызында. Бизде мындай жаман көрүнүш бар, базарга барып Кытайдын, же башка мамлекеттин 5-6 миңдик кийимин сатып алып, өзүбүздү жакшы сезип чыгып кетебиз дагы, өзүбүздүн 1,5-2 миң сомдук калпакты ала албай эле кыйнала беребиз. Биз башыбызды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. Чет өлкөдөн келип, калпакты сыйлап «кийип жүрөм» деп сатып алгандарга биз тыюу сала албайбыз. Бирок, ошол эле учурда белекке бергенди токтотушубуз керек. Калпак сыйга, өзгөчө мааниге ээ болсо жакшы болмок. Биз бутубузду чечип боз үйгө өтсөк, артыбыздан келаткан конок да бизди туурап, бут кийим менен төргө өтөт.

— Жаштар арасында, балким саясатчылар арасында ар кандай билдирүүлөргө зээниңиз кейиген учурлар болду беле?

— Жакында эле мага «Кызыбызды тосуп алдык, ага калпак кийгизип, кементай жаптык. Силер эмнеге ошону билбейсиңер?» дешти. Бизде өкмөт кол өнөрчүлөр, дизейнерлер менен кеңешпейт да. Өздөрү билип эле кыла беришет да. Мен кыз башы менен эр жигиттей намысты коргоду деп калпак менен кементайды жапканы балким, туурадыр, бирок ошол калпак менен кементай бүт эле Кытайдын синтетикасы. Өкмөтүбүз протокол жагын оңдоп, бир башкача кылып алса жакшы болмок. Андан көрө жоолук салып койгонубуз, же аппапак сонун моюн орогучтар бар, же оймолор түшүрүлгөн, аппапак сонун чыптамалар бар ошону кийгизсе, ушунчалык статусу жогоруламак.        

Маекти толугу менен бүгүн саат 21:10до көрүңүздөр.