12.11.2019 15:00

Айеркен Саймаитинин өлүмү. Кыргызстандын Стамбулдагы консулу кызматтан бошотулду

Айеркен Саймаитинин өлүмү. Кыргызстандын Стамбулдагы консулу кызматтан бошотулду

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бүгүн, 12-ноябрда Сооронбай Жээнбеков тиешелүү буйрукка кол койду, деп билдиришти президенттик аппараттан.

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен.  Саймаити алган жаракаттарынан улам, ооруканада каза тапкан.

Көпчүлүктүн көңүлүн кылмыш болгон жерде жол боюнда токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа бурган. Мындай номерлер консулдуктарга тиешелүү болору айтылып, Кыргызстандын ТИМи унаанын чоо-жайын териштирүүнү убадалаган. 

Айрым такталбаган маалыматтарда бул унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылган. Бирок ТИМ маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек.