11.02.2020 14:50

Айэркен Саймаитинин өлүмү: Турция кылмыш ишине жашыруун грифтин койду

Айэркен Саймаитинин өлүмү: Турция кылмыш ишине жашыруун грифтин койду

Бүгүн, 11-февралда Түркиялык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Ага Башкы прокуратуранын өкүлдөрү дагы чакырылган.

Жыйында маалым болгондой, Түркия ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча иликтөөгө жашыруун грифтин койду.

Прокурор Кумарбек Байдылдаев Турция Айэркен саймаитинин өлүмүн өтө оор кылмыштардын категориясына кошуп койгон. Бул себептүү ал иш боюнча маалыматтарды ачыктоого мүмкүн эместигин билдирди.  

Анын маалыматында, Айеркен Саймаити жана анын жубайы 2010-2015-жылга чейин 932 миллион доллардан ашык каражатты Кыргызстандан которгон. Жалпысынан бул убакыт аралыгында 3 миң 475 транзакция жасаган.

Анын ичинен Айеркен Саймаити 592 миллион доллардан ашык, ал түзгөн «Абдраз» фирмасы аркылуу 318 миллион доллар жана жубайы аркылуу 26 миллион доллар которулган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.