30.04.2020 13:16

КСДП: Кыргыз бийлиги өлкөнү эмес, өзү орноткон режимди сактоо аракетинде

КСДП: Кыргыз бийлиги өлкөнү эмес, өзү орноткон режимди сактоо аракетинде

Кыргыз бийлиги өлкөнү эмес, өзү орноткон режимди сактоо аракетин көрүп жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн, 30-апрелде КСДПнын катчылыгы таратты.

КСДП партиясынын катчылыгынын кайрылуусун толук келтиребиз:

«Бийлик алдыда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө. Бүгүн өлкөнүн экономикасын жана мамлекетти сактоо аракетин көрүүнүн ордуна, өзү орноткон режимди сактоо менен алектенүүдө. ЖКнын депутаты Курманкул Зулушев тарабынан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча күздө референдум өткөрүү демилгеси жөн жерден көтөрүлбөптүр. Президенттик башкарууга өтүү – артка чегинүүгө барабар. Кандай гана болбосун бийликти сактап калуу үчүн Жээнбеков-Матраимов кланы, саясий айдыӊдагы оппоненттерин жийркеничтүү жана ыплас жол менен тазалоодо.

Карантиндин бардык шарттарын бузуу менен, Өзгөчө кырдаал абалына карабай КСДП партиясынын төрагасынын орун басары, экс-премьер-министр Сапар Исаковду алгач УКМКнын СИЗОсунан Бишкек шаардык №1-СИЗОго, кайра №-8 жалпы түзөтүү абагына которушту. Мунун баары эмне себептен жасалып жатканы түшүнүктүү. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өз билдирүүлөрүндө айткандай, «Раим миллион» үчүн өч алуу аракеттери жүрүүдө. Бирок, Сапар Исаковдун коопсуздугу толугу менен бийликтин жоопкерчилигинде экенин унутпашы керек.

Өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенине карабастан, соттук териштирүүлөргө катышуучулардын ден соолугун жана өмүрүн коркунучка кириптер кылып, Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесстер башталды. Кайда шашышат? Бир гана жыйынтык, бийлик бардык шектүүлөргө өкүм чыгарууга ашыгууда.

Алдыда боло турчу шайлоого даярдык көрүүдө, бийлик КСДПнын айрым депутаттарына дагы көө жабууда. Бүгүн көп депутаттардын арасынан Рыскелди Момбеков ЖКнын жогорку трибунасынан бийликти ачык сындаган депутат болуп саналат. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди саткан жок, жана өзүнүн бекем позициясы менен Ак үйдүн саясий оюнунун бутасына алынып жатат. Апрель Эл революциясынын катышуучусу, Саясий кеӊештин мүчөсү, КСДПнын төрагасынын орун басары Рыскелди Момбековго карата каралоо маалыматтык кампанияны президенттик аппаратта кимдин уюштуруп жатканы КСДПга жакшы белгилүү.

Апрель Элдик революциясынын айрым катышуучуларын колдонуу менен Ак үй «Айкөл Ала-Тоо», «Эр теги» коомдук бирикмелерди бөлүп-жарууда. Ушундай эле ыплас жол аркылуу КСДПны ичтен бөлүп-жарып, күчтүү жана туруктуу позициясы бар мүчөлөрүнө каралоо уюштурулууда.

Бийлик экс-президентти эки жыл жамандады. Бирок Ак үйдүн Алмазбек Атамбаевдин бардык эмгектерин жокко чыгаруу аракети, бүгүн Жээнбеков-Матираимов кланынын өзүнө каршы иштөөдө.

КСДП Мамлекет башчысынан партияны бөлүп-жарууну, партиянын мүчөлөрүн куугунтукка алууну токтотуп, мамлекет реалдуу коркунучка кептелгенин сезип, иштөөнү талап кылат».