11.01.2019 10:23

Айфон үчүн бөйрөгүн сатып жиберген жигит майып болуп калды

Айфон үчүн бөйрөгүн сатып жиберген жигит майып болуп калды

Кытайда 17 жаштагы жигит  iPhone 4 жана iPad 2 сатып алуу үчүн көмүскө базарда бөйрөгүн сатып жиберген, деп билдирет британиялык Daily Mail гезити.

Окуя 2011-жылы болгон, бирок бул тууралуу  кийин – бөйрөгүн саткан жигит журналисттер менен сүйлөшүүнү чечкенде гана белгилүү болгон. Көрсө, операциядан кийин жигиттин экинчи бөйрөгү иштебей калып, төшөктө жатып калыптыр.

Басылманын маалыматына караганда, жигитке Apple техникасы абдан жаккандыктан, эмне гана болбосун, аларды сатып алууну чечкен. Бирок, жигиттин үй-бүлөсү бай болбогондуктан, уулуна жардам бере алышкан эмес. Акча уурдоо аракети да ордунан чыкпай калган. Ошондо кытай жараны интернеттен органдарды сатуу менен мыйзамсыз алектенгендерди таап, операцияга макул болгон. Ага 22 миң юань  (болжол менен 2,5 миң доллар) беришкен, бул акчага жигит ошол замат техника сатып алган. Кызыгы, бул органды саткандан түшкөн акчанын 10 пайызы гана болгон. Көрсө, сатып алган адам бөйрөк үчүн 10 миң доллар төлөптүр. Калган 90 пайызын ортомчулар өздөрүнө калтырган. 

Бирок, бир нече айдан кийин смартфон сынып калган, ал эми жаш жигиттин өзүндө олуттуу көйгөйлөр башталган. Анда бөйрөк жетишсиздиги өөрчүп, жалгыз калган бөйрөгү жарактан чыккан. Жигит өмүрүнүн калган бөлүгүн гемодиализ аппаратынан көз каранды болуп, төшөктө жатып өткөрүүгө аргасыз. Учурда 25 жашка чыккан жигит ар дайым жардамга муктаж жана мамлекеттин жөлөк пулунун арты менен гана жашап келет.

«Бул окуя коомчулукка кеңири жайылып кеткен соң, 3 ортомчуну  жана операция кылган 2 дарыгерди таап, 3 жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө абакка кесишти. Үй-бүлөгө 1, 47 миллион юань (220 миң долларга жакын) компенсация төлөп беришти, бирок эми эч ким жигитке ден соолугун кайрып бере албайт», -деп жазат басылма.