09.03.2020 08:49

Айымдардын укугун коргоо жөө жүрүшү: Эл аралык уюмдар милициянын аракетсиздигин кескин сындашты

Айымдардын укугун коргоо жөө жүрүшү: Эл аралык уюмдар милициянын аракетсиздигин кескин сындашты

«Сорос-Кыргызстан» фонду Бишкекте бүгүн өткөн «Аялдардын шериктештик маршы» аттуу жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин сынга алды. Фонд бул тууралуу «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду бүгүн Бишкекте жарандык марштын катышуучуларына кол салгандарды жана укук коргоо органдарынын жарандардын тынч чогулууга болгон укугун коргоодогу аракетсиздигин чечкиндүү түрдө айыптап, мыйзамдууулукту орнотууга чакырат. Марштын катышуучуларына кол салгандарды жана укук коргоо органдарынын жарандардын тынч чогулууга болгон укугун коргоодогу аракетсиздигин чечкиндүү түрдө айыптап, мыйзамдуулукту орнотууга чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Жүрүштүн негизги максаты катары уюштуруучулар үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу чараларын күчөтүүнү талап кылуу жана зомбулукка каршы биригүү деп аташкан.

Бирок белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. 

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.