19.11.2018 17:37

Айымдарга туура боенуу сырларын үйрөтүү менен акча тапкан 12 жаштагы бала ата-энесине үй сатып берди

Айымдарга туура боенуу сырларын үйрөтүү менен акча тапкан 12 жаштагы бала ата-энесине үй сатып берди

Тайландда 12 жаштагы бала кыздын кийимин кийип, Инстаграм аркылуу туура боенуу сырларын үйрөтүү менен акча таап, ата-энесин үйлүү кылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Пхангнга провинциясында жашаган Нес аттуу өспүрүм кичине кезинен эле апасынын боекторуна кызыгып, боенуп көрчү. Ата-энеси анын бул кызыгуусун сындашпай, тескерисинче, кеңеш  берип, колдоп турушкан. Нес бир аз чоңойгондо Инстаграмда баракча ачып, анда макияж сабактарын жана өзүнүн ачык образдарын жүктөй баштаган. Боектордун, чапталма кирпиктердин, парик жана көйнөктөрдүн арты менен сүрөттөрдө ал кыздан айырмаланбай калчу. 

Убакыттын өтүшү менен өспүрүм социалдык тармакта таанымал болуп кетип, учурда анын 291 миңден ашуун катталуучусу бар. Нес менен косметикалык бренддер келишим түзүп, телешоу жана мода көрсөтүүлөргө чакырып турушат. Алардан түшкөн акчага ал ата-энесине жакшы үй сатып берген.  

Нес айрым классташ балдары аны шылдыңдап күлүшөөрүн айтып, бирок, аларга көңүл бурбай турганын билдирди.