09.01.2019 15:44

Айып пулду жогорулатуу коррупцияны күчөтөбү? Эксперттердин пикири

Айып пулду жогорулатуу коррупцияны күчөтөбү? Эксперттердин пикири

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулдарды көтөрүү элдин баарын дүрбөлөңгө салды. Мындай курч кадамдар, балким, туурадыр, бирок акча менен жазалоо көйгөйдү толук жок кылбайт.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча эксперттер өкмөттүн бул демилгеси, тескерисинче, коррупциялык көрүнүштөрдү күчөтөт деген пикирде. 
Олчойгон айыппулдарга каршы активисттер жол жүрүшкө чыгууну көздөшүп, социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү таратышууда.