15.03.2019 16:49

«Айкол-Ала-Тоо»: Көмүр боюнча ачылган иш саясий буйрутма экени тастыкталды

«Айкол-Ала-Тоо»: Көмүр боюнча ачылган иш саясий буйрутма экени тастыкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматы «Айкөл-Ала-Тоонун» жетекчилигине карата кылмыш ишин ачуу менен саясий буйрутманы аткарганын иш жүзүндө тастыктап койду. Бул туурасында аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү социалдык тармактагы баракчасында жазып чыгышты.

«Каржы полициясы «жең ичинен желген» көмүр боюнча кылмыш ишин саясий буйрутма менен ачканын иш жүзүндө тастыктап койду. Ак үйдөн бизге Жээнбековдорду сындабоону, үн катпоону суранып жатышкан 40 күн аралыгында Каржы полициясы бул кылмыш иш боюнча ооз ачкан жок. Биз албетте, сунушталган кызматтардан баш тарттык, бирок туруктуулук үчүн бийлик «Айкол-Ала-Тоону» жайына кое турган болсо, интервью бербөөгө макул болдук. Бирок, Ак үйдөгү ал адамдар бизди алдап кетишти, бирөөлөрү убада берип жатканда, башкалары биздин уюмду бөлүп-жарып, рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылышууда. Мындай алдамчылыкка макул эместигибизди Ак үйдөгү адамдарга айтаарыбыз менен, башкача айтканда, 40 күндүк тынчтыктан кийин Каржы полициясы Амантур Жамгырчиевди чакырып, 5 саат бою суракка алып, бийликке керек көрсөтмөлөрдү бербесе, «жаап таштайбыз» деп коркутушуптур. Мындан улам бүгүн биздин лидерибиз Мээрбек Мискенбаев менен бирге айкөлчүлөр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына барып, Амантур Жамгырчиевдин сурагы аягына чыккыча күтүп турабыз», -дешет уюм мүчөлөрү. 

Эскерте кетсек, Каржы полициясы «Айкол-Ала-Тоо» жана жана «Апрель баатырлары» коомдук бирикмелеринин жетекчилерине «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Аларды Апрель төңкөрүшүнүн катышуучуларына колдоо иретинде бөлүнгөн наркы 2,1 млн. сомдук көмүрдү өздөрүнө алып коюшкан деп шектешүүдө.