31.07.2019 14:00

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов камалдыбы?

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов камалдыбы?

Социалдык тармактарда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун камалганы тууралуу маалымат тарады.

Фейсбуктагы «КР Интернет-Парламенти» баракчасы Рустамовду УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн эртең менен көрсөтмө алуу үчүн  кармап кеткенин жазат.  

«Биздин булактардын маалыматы боюнча, кечээ УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен агенттиктин жетекчисинин жардамчысы жана айдоочусу Ибраев Арсланды кармаган. Рустамовдун үйүндө жана иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, ал таңкы төрттө аяктаган. Эртең менен аткаминерди көрсөтмө алуу үчүн кармап кетишкен. Иш бөлмөсү бекитилип, мөөр басылып турат», -деп жазылат Фейсбуктагы баракчада. 

April.kg бул имиштин чын-бышыгын билүү үчүн Мамлекеттик агенттикке чалып, бирок эч кимиси менен байланыша алган жок. Ал эми, УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты тактап жатышканын, расмий билдирүү таратышаарын билдиришти.