21.12.2018 14:55

Аймактардагы мугалимдерге робот жасоону үйрөтүштү

Аймактардагы мугалимдерге робот жасоону үйрөтүштү

Алыскы аймактардын мугалимдери роботторду чогултушту. Мындай мүмкүнчүлүктү аларга "Алтын түйүн" инженердик-техникалык академия уюштуруп берди. Бир күндүк семинарга физика жана информатикадан сабак берген 30 мугалим катышкан. Алар робототехника боюнча алган билимдерин эми өздөрүнүн окуучуларына жеткиришет.