24.04.2019 13:31

Аймактарды өнүктүрүү: сөзүн уктук, ишин көрбөдүк

Аймактарды өнүктүрүү: сөзүн уктук, ишин көрбөдүк

Эки жылды катары менен аймактарды өнүктүрүүгө арнадык. Элеттин эртеңи жөнүндө ураан айтылып, жол четине жарнамалар илинди. Бирок, аймактарга акча бөлүүнү бийлик унутуп калгандай.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги менен өнүктүрүү саясат институту бийликке коңгуроо кагып, айылдардын бюджетин кеңейтүүнү өтүнүшүүдө. 2019-жылы айылдарга кошумча 100миллион сом бөлүү убадаланган менен акча ээсине жете элек дейт адистер.

Региондорду өнүктүрүү аракети өлкө башчы кол койгон кагазда калып, айылдар көйгөйдөн арылбай калабы деп кооптонгондор дагы жок эмес. Аймактарды өнүктүрүүгө эмне тоскоол болууда?