Коронавирус кайсы облустарда тез жайылууда? Алдыда Жалал-Абад турат

Коронавирус кайсы облустарда тез жайылууда? Алдыда Жалал-Абад турат

Бүгүн, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган 14 жаңы учур катталды. Ичинен 4 – сырттан келген болсо, 10 киши оорулуулар менен байланыш болгондуктан жуктуруп алган.

14 жаӊы учур төмөндөгү аймактарда катталган:

  • Жалал-Абад облусунда – 5
  • Жалал-Абад ш. – 2
  • Чүй облусунда – 1
  • Бишкек ш. – 6

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы 130га жетти. Алардын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 61
  • Ош облусунда – 30
  • Чүй облусунда – 6
  • Баткен облусунда – 3
  • Ош ш. – 10
  • Бишкек ш. – 14
  • Нарын облусунда – 4
  • Ысык-Көл облусунда – 2
  • Коронавирустун катталган учурлардын ичинен – 72 аялдар, 58 – эркектер.

Республика боюнча обсервацияда 1900 адам жатат. Алардын ичинен:

  • Бишкек ш. – 403
  • Чүй облусу – 173
  • Ош ш. – 56
  • Ош облусу – 263
  • Жалал-Абад облусу – 189
  • Баткен облусу – 584
  • Нарын облусу – 108
  • Талас облусу – 24
  • Ысык-Көл облусу – 100

Белгилей кетсек, республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы менен жаткандардын 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Күн мурун, 2-апрелде коронавирус илдетинен бир кыргыз жараны каза тапты. Бейтап Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында дарыланып жаткан. Ал 61 жашта болгон. Маркумдун дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган.

Ошондой эле, коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 5 киши сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.

Кыргызстанда коронавирусту жайылтпаш үчүн өлкө аймагында өзгөчө кырдаал, ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.